
Алоэ күндөн коргоочу креми
- Продукт Коду: 617
ALOE SUNSCREEN менен сиз териңизди UVA жана UVB нурларынан коргочуу SPF 30 коргоосун колдонуп, күнгө коркунучсуз чыга аласыз. UVA нурлары Жерге келген нурдануунун 95% түзөт.
Бул нурлар теринин тереңине кирип, картаюу жана бырыштардын пайда болуусунда чоң роль ойнойт. Ультрафиолет нурлары теринин сырткы катмарларына көбүрөөк зыян келтирип, кызарып, күнгө күйөт. Бул нурлардын зыяндуу таасирлери бийик тоолуу жерлерде, кар же муздун бетине чагылдырылганда эки эсеге көбөйөт.
ALOE SUNSCREEN – бул курамында табигый нано эмес цинктин оксиди менен каптоо технологиясы өнүккөн революциялык аралашма. Ал оңой жылып, күндөн эң сонун коргоону камсыздайт жана калдык калтырбай тазалайт.
Бирок ALOE SUNSCREENди мынчалык күчтүү продукт кылган күндөн коргоочу алдыңкы технология гана эмес. Форевер плантацияларынан алынган таза алоэ вера терини азыктандырат, нымдап, тынчтандырат. Териңизди сооротуу жана коргоо үчүн жогорку сапаттагы ички алоэ жалбырагы гана колдонулат. Эркин радикалдар менен күрөшүп, жумшартуучу жана жакшыраак нымдануу үчүн тереңирээк кирген Е витамини менен теринин коргонуусун дагы да күчөттүк.
ALOE SUNSCREEN 80 мүнөткө чейин сууга туруштук берет. Күн астында жүргөнүңүздө үзгүлтүксүз колдонуу менен толук коргоочу эффектке ээ болосуз. Бийик тоонун чокусуна чыгып жатасызбы же дем алыш күндөрү эс алып жатасызбы, ALOE SUNSCREEN күндөн коргоочу кремдин күчү бүт үй-бүлөңүздү коргой алгандыктан, коркунучсуз күнгө чыга аласыз.
Курамы:
Суу (22,99%), Алоэ Барбаденсис жалбырагынын гели (турукташтырылган Алоэ вера гели) 15,0000%, Цинк оксиди 12,61575%, Октокрилен 10,0000%, Гомосалат 8,5000%, Пропандиол 6,2750%, Этилгексилсалицилат 5,0000%, Пропилгептил каприлат, Полиглицерил-3 дилинолеат, VP/гексадецен сополимери, Цетеарил этилгексаноат, Ундекаин, Полиоксистеарин кислотасы, Гидрогенделген кастор майы, Тридекан, Каприллилгликоль, Магний сульфаты, Жыт берүүчү заттар (парфюм), Бензилсалицилат, Бензилбензоат, Гексилциннамал, Гидроксицитронеллал, Натрий глюконаты, Токоферил ацетаты (E витамини), Лимон кислотасы, Аскорбин кислотасы (C витамини), Этилгексилглицерин, Хлорфенезин, Феноксиэтанол, Натрий бензоаты, Калий сорбаты.
КӨЛӨМҮ: 118 мл
КОЛДОНУУ БОЮНЧА СУНУШТАР
Күнгө чыгуудан 15-30 мүнөт мурун бардык ачык жерлерге сүйкөңүз. Тери кургак болуп көрүнгөндө, суудагы ар кандай кыймыл-аракеттен 80 мүнөт өткөндөн кийин, же ар бир 2 саат сайын сүрүңүз.
FOREVER КАРАЖАТТАРЫ ЭЧ КАНДАЙ ООРУНУ АНЫКТООГО, ДАРЫЛООГО, АЙЫКТЫРУУГА ЖЕ АЛДЫН АЛУУГА АРНАЛГАН ЭМЕС. ЭГЕРДЕ СИЗДЕ СЕЗИМТАЛДЫККА БАЙЛАНЫШТУУ СУРООЛОР БОЛСО, КОЛДОНУУДАН МУРУН ТЕРИНИН КИЧИНЕКЕЙ ЖЕРИНЕ ТЕСТ ЖАСОО СУНУШТАЛАТ. СЫРТКЫ КОЛДОНУУ ҮЧҮН ГАНА.